Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.11.2018 10:05

Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, кар жаашы мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 28-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 4…9°, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда 2…7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 3…8°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…5° жылуу жана тоолуу райондордо -6…-11° суук болушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×