Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.11.2018 09:59 На русском

Улуттук банк дагы 24,1 млн доллар сатты

Turmush -  Кыргызстандын улуттук банкы ноябрь айында үчүнчү жолу интервенция жүргүздү. Жыйынтыгында жалпы 24 млн 100 миң доллар сатылды, деп маалымдайт Tazabek.

Буга чейин 5-ноябрдагы интервенциянын баасы 10 млн 850 миң долларды түзгөн. Ал эми 12-ноябрда 12 млн 900 миң доллар сатылган болчу. Ага чейин 10-сентябрда 19 млн 650 миң сом сатылган.

Муну менен 2018-жылдын башынан бери долларды сатуу 7 жолу жүргүзүлүп, (жалпы суммасы — 100,1 млн доллар) 2 жолу сатып алынды (жалпы сумма — 20 млн 550 миң доллар).

Бүгүн, 28-ноябрда саат 08:30га карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 69,8 сомго (сатып алуу) жана 69,9 сомго (сатуу) бааланып жатат. Ал эми доллардын расмий курсу — 69,85 сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×