Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 28.11.2018 08:13 На русском

Унаада хиджаб кийген кыз кыйкырып жаткан... Бишкекте 49 жаштагы таксист кармалды

Turmush -  Бишкек шаарында таксинин айдоочусу кармалды. Буга чейин социалдык тармактарда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаада хиджаб кийген кызды зордуктоо үчүн болгон аракет токтотулганы жөнүндө видео тараган.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, таксинин айдоочусу 1969-жылы туулган Б.Ч. экени такталган.

«Социалдык тармактарда жаш кыз "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаадан чыгууга аракет кылганы, бирок аны таксист кармаганы тууралуу видео тараган. ШИИБдин кызматкерлери 27-ноябрь күнү аталган таксистти кармашты. Учурда ал териштирүү иштери үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», - деп айтылат ШИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×