Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 26.11.2018 21:16

Эльдияр Кененсаров (Азия MIX) жубайы менен ажыраштыбы?

Turmush -  Белгилүү КВНчи, кыргызстандыктардан "Азия MIX" шайыр тапкычтар клубун түптөө менен Россияда бир катар чоң ийгиликтерге жеткен Эльдияр Кененсаров менен жубайы Камила Абдил эки жолго түшүштү. Бул тууралуу Камила бүгүн, 26-ноябрда социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялады.

Ал жашоосунда дос деп эсептеп жана катуу сүйгөн адам менен ажырашуу тууралуу мындан бир жыл мурун чечим кабыл алганын айткан. Буга саткынчылык жана калп себеп болгону жазылган.

Ошондой эле Камила үй-бүлөнүн түйшүгүн өзү көтөргөнүн, балдарын жалгыз багып келгенин жана Эльдиярдын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү менен тамашалардын сценарийин жазып, жер которуп жашаганын айткан. Учурда балдар аны менен жана мүмкүнчүлүккө жараша атасы менен жолугушуп турушат.

Камила өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштеп, медитация, психологияны үйрөнүү менен алектенип жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, мындай чечимден кийин Эльдиярга чыгармачылык жактан колдоо көрсөтүүнү улантып, достук мамилесин сактап калышты. Эми экөөнүн жашоодогу жана чыгармачылыктагы жолдору башка экенин айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×