Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.11.2018 12:08

Минск шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парк ачылат

Turmush -  Беларусь Республикасынын Минск шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы парк ачылат. Анын ачылыш салтанатына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу күтүлүп жатат, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ошондой эле өкмөт башчы эртең, 27-ноябрда Минск шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун тереңдетүү маселелерин карашат.

Анын ичинде Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалардын талкууланышы күтүлүүдө. Ошондой эле ЕАЭБдин 2019-жылдагы бюджети каралып, ошондой эле 2017-2018-жылдары ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет угулуп, башка актуалдуу маселелер каралмакчы.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×