Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.11.2018 09:50 На русском

Видео — Россияда кыргыздар менен казактар мушташты

Turmush -  Россиянын Амур облусундагы Свободненский районунда газ иштетүүчү заводдун аймагында жумушчулардын ортосунда мушташ чыкты. Окуя 22-ноябрда кечинде болгонун «2x2.su» басылмасы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, эки топ – кыргыздар менен казактар мушташкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, урушка пикир келишпестиктер себеп болуп, мушташтын кесепетинен бир адам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Ал эми жергиликтүү милициянын басма сөз кызматы 18 жаштагы жигит катуу жаракат алганын билдирген. Бул факты боюнча «Ден соолукка атайын оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иш козголуп, 22 жаштагы шектүү тергөө изоляторуна камакка алынганы белгилүү болду.

Ошондой эле 19 жаштагы жумушчу да жаракат алып, ага байланыштуу токмоктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Мушташ учурундагы видеотасма социалдык түйүндөргө тараган:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×