Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 24.11.2018 12:01 На русском

Бишкекте «Мерседес» электр мамысына урунуп, 2 адам мерт кетти

Turmush -  Бүгүн, 24-ноябрда түндө Бишкекте унаа кырсык катталып, 2 адам мерт болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 03:40 чамасында болгон. Анда «Мерседес-Бенц Е420» үлгүсүндөгү унаа 7-апрель көчөсүндө бара жатып электр мамысына урунган. Анын кесепетинен 1992-жылы туулган айдоочу менен бир жүргүнчү каза болгон. Дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии