Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 23.11.2018 16:44

«Экинчи кыргыз кызы кордолбосун»: Бурулайдын сүрөтү медколледждин жатаканасына илинди

Turmush -  Жайыл РИИБдин имаратында бычакталып каза болгон Бурулайдын өлүмү коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Мындан улам ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын жаркын элесине жана кызды никеге мажбурлап тургузуу көрүнүшүн токтотуу максатында ар кандай иш-чаралар, тасмалар тартылып келүүдө. Жакында эле Бишкек медициналык колледжинин жатаканасынын имаратына Бурулайдын сүрөтү илингендигин аймактык кабарчыга Бурулайдын эжеси Айпери Турдали кызы айтып берди.

«Бизге сиңдимдин сүрөтүн илүү боюнча Аялдар коому сунуш беришкен. Биз уруксатыбызды бердик. Сүрөттү илүүнүн максаты — кыз ала качуу көрүнүшүн түп тамыры менен жоготуу. Экинчи кыргыз кыздары кордолбосо, аларга мындай мамиле жасалбаса деген тилек менен илинди», - деди ал.

----------------------------------------------------------------------------------

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон Бурулай 2018-жылы 29-майда жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына караганда, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген.

РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×