Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 22.11.2018 10:44 На русском

Президент Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түздү (курамы)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Төмөндө жарлыктын толук тексти:

«Соңку жылдары чет өлкөдө иштеген биздин мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптуу колдойт жана Кыргызстандын экономикасына акча салууну каалагандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берет.

Өлкөдө жаңы өндүрүштөрдү жана ишканаларды түзүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү жана колдонуу максатында өндүрүштүн келечектүү чөйрөлөрүнө мекендештерибизден инвестицияларды тартууга дем берген тиешелүү финансылык механизмдерди иштеп чыгуу керек жана зарыл инфраструктура болууга тийиш.

Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн мамлекет менен чет өлкөдө жашаган мекендештердин ортосундагы конструктивдүү өз ара мамилени түзүүгө, диаспоралардын потенциалын бириктирүүгө бардык тараптар кызыкдар.

Андыктан, Кыргызстан менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу системасы мамлекеттик деңгээлде түзүлдү.

Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын бул багыттагы күч-аракеттерин координациялоону камсыз кылуу максатында токтом кылам:

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисине жүктөлсүн.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет».

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин курамы:

- Жээнбеков Сооронбай Шарипович – Кыргыз Республикасынын президенти, кеңештин төрагасы;

- Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна – Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри, кеңештин төрагасынын орун басары;

- Эсеналиев Досалы Акпаралиевич – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчиси, кеңештин төрагасынын орун басары;

- Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы, кеңештин катчысы;

Кеңештин мүчөлөрү:

- Касымалиева Аида Камчыбековна – Жогорку Кеңештин депутаты;

- Сыдыков Данияр Батырович – Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

- Иманалиев Данияр Шаршенбекович – Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;

- Айдарбеков Чыңгыз Азаматович – тышкы иштер министри;

- Панкратов Олег Михайлович – экономика министри;

- Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна – «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору;

- Молдокматов Жеңиш – «Замандаш» кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык конгресси» ассоциациясынын лидери (макулдашуу боюнча);

- Бегиева Жамиляхан Абжашевна – «Мекеним Ала-Тоо» коомунун төрагасы, Россия, Москва шаары;

- Акаев Каныбек Муталиевич – «Бакай-Ата» региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия, Новосибирск шаары;

- Кубатбеков Турсунбай Сатымбаевич – «Кыргыз биримдиги» региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси, Россия, Москва шаары;

- Мырзабеков Эгемберди Биймырзаевич – «Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргызстандыктардын союзу» региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси;

- Каримов Камчыбек Камбарович – «Киргизия-Урал» Свердлов облустук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия, Екатеринбург шаары;

- Осмонбеков Кубанычбек Бекболотович – «Ишкерлердин Эл аралык Ассоциациясы» региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия, Москва шаары;

- Чериков Азизбек Арапбаевич – «Менин Кыргызстаным» Хакас региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия, Абакан шаары;

- Батаева Назгүл Жанышбековна – Красноярск шаарынын кыргыздарынын улуттук маданий автономиясынын жетекчиси;

- Сманова Канзада Нурманбетовна – «Биримдик» региондук коомдук бирикмесинин жетекчиси, Россия, Тюмень шаары;

- Акматов Толкунбай Усенович – «Ноокат-Каймос» коомдук бирикмесинин жетекчиси, Россия, Москва шаары;

- Мамаева Өктөм – Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Санкт-Петербургдагы Кыргыз маданий автономиясынын төрагасынын орун басары;

- Исмаилов Азамат Турдукеевич – Кыргыз Республикасынын Украинадагы соода-өнөр жай палатасынын «Бустер трейд» КУ башкы директору, «Кыргызстандын агрардык платформасы» коомдук уюмунун президенти;

- Сыдыков Алтынбек Тойчубаевич – Алмата шаарындагы Замандаш ассоциациясынын өкүлү, Казакстан Республикасы;

- Шаматов Дүйшөн – Н.Назарбаев университетинин Жогорку билим мектебинин ассоцирленген профессору;

- Аширбеков Жарашбек Абжалбекович – ишкер, АДС/Айкидо, жиу-житсу борборунун менеджери, Казакстан, Астана шаары;

- Абдыкадырова Бурул Абдыкадыровна – Ташкент шаарындагы кыргыз маданий борборунун мүчөсү, Өзбекстан;

- Курманбаев Курстанбек Ибраимович – Тажикстандагы «Мекендеш» улуттук-маданий борборунун төрагасы, Тажикстандагы «Хенкель» компаниясынын расмий өкүлү;

- АкматовТоктобек Маматович – Гуанчжоу шаарындагы «Goldmark Group Limited» соода-транспорт компаниясынын негиздөөчүсү, Кытай;

- Калилов Эмил – жеке ишкер, Корея Республикасы;

- Сарыгулов Айбек Жамангулович – Түркиядагы «Кыргызстандын достук жана маданият коому» коомдук фондусунун төрагасы;

- Такабаев Тимурлан Айдарбекович – Анкара шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, Түркия;

- Ниязалиев Дастан Нарынбекович – Мюнхен шаарындагы кыргызстандыктардын «Ордо» коомдук бирикмесинин тең төрагасы, Мюнхен шаарындагы Жогорку прикладдык башкаруу мектебинин экзамен алуу бөлүмүнүн референти;

- Тоялиева Гүлнур – «Kyrgyz Club Austria» негиздөөчүсү;

- Жусупова Рахат – Кыргызстандыктардын эдинбургдук коомунун лидери, Улуу Британия, «Waitroseand Partners» компаниясынын кызматкери;

- Жантаев Эрбол Тургунович – Филадельфия шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы, АКШ, Пенсильвания штаты;

- Улан Азимбаев – Чикаго шаарындагы кыргыз маданий борборунун директору, АКШ, Иллинойс штаты;

- Казыбаева Мира – «Kyrgyzstanis in Canada» коомчулугунун негиздөөчүсү, Канада, Торонто шаары;

- Керимбекова Атыркүл Сардарбековна – «Kirghizistan unito in Sardena» кыргызстандыктардын коомчулугунун өкүлү, Италия, Кальяри шаары;

- Мыйтанова Жанара Борончуевна – Фейсбуктагы «БАЭ жаштар демилгеси тобу» социалдык топтун администратору, «Silk Road Holidays Homes Rental LLC» компаниясынын тең ээси;

- Суранчиева Малика Токторбековна – Катардагы кыргыз диаспорасынын өкүлү

- Акималиева Айгүл Акималиевна – Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын лидери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×