Бөлүмдөр
Ишемби, 23-февраль
Баракелде, Бишкек 22.11.2018 09:56 На русском

Түркияда түбү кыргызстандык ата-бала жылкы сойгону үчүн кармалды

Turmush -  Түркиянын Кайсери шаарында Кыргызстанда төрөлгөн ата-бала жылкы сойгону үчүн кармалды. Haberturk басылмасы маалымдагандай, алар жылкыны союп жатканына күбө болгон жергиликтүү тургундар видеокамерага тартып алышып, полиция кызматкерлерине билдиришкен.

Окуя болгон жерге барган полиция ата-баланы дароо кармап, шаардын ветеринардык кызматына да 9 миң лир (118 миң 50 сом) айып салынды.

Жылкыны сойгондор анын этин тамак-ашка пайдаланууну көздөгөнүн айтышкан. Ал эми түрк эли жылкынын этин тамак-ашка колдонушпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×