Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 21.11.2018 17:21 Жаңыланды: 21.11.2018 18:29 На русском

Чоң энени тумчуктуруп, 31 жолу бычак сайган. Айыпталуучу — 18 жаштагы небереси

Turmush -  Бишкектин Октябрь райондук соту айыпталуучулар — 2000-жылы туулган Тимур (ысымы өзгөртүлдү), 1999-жылы туулган Раатбек (ысымы өзгөртүлдү) жана 1999-жылы туулган Дастанга (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Чоң эненин мыкаачылык менен көз жумушу

2017-жылдын 21-апрелинде саат 07:40 чамасында Бишкектин 12-кичи районундагы мектептин жанында Тимур менен Раатбек кылмыштуу план түзүшкөн. Алар Тимурдун чоң энеси Ританы өлтүрүүнү каалашкан.

Ушул эле күнү саат 12:00 чамасында алар батирге кирип, уктап жаткан Ритага кол салышкан. Алгач аны Раатбек тумчуктуруп, мындай жол менен өлтүрө албасын түшүнгөндөн кийин Тимурдан бычак алып келүүнү суранган. Ал бычак менен Раатбек Ританын көкүрөк тушуна 31 жолу сайган. Бул учурда Тимур Ританы бутунан кармап турган.

Бул кылмыштан кийин Тимур менен Раатбек 6 миң сомду, 500 сомдой тыйын акча салынган банканы, 2 уюлдук телефонду (үйдүн чыккандан кийин мейманканага күрөөгө ташташкан), планшет жана дүмүрчөк, талон, каттоо картасын алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Алардын эртең мененки сүйлөшүүсүн уккан Дастан 21-апрелде саат 15:00 чамасында Тимур менен Раатбек жашынган мейманканага барып жолугушкан.

22-апрелде саат 08:00 чамасында Дастан кайрадан Тимур менен жолугушуп, кылмыш тууралуу уккан. Бирок ал укук коргоо органдарына билдирген эмес. Андан кийин Тимур менен бирге «Айчүрөк» универсал дүкөнүнө барып, кылмыштан кийин ала чыгышкан буюмдарды сатууга көмөктөшкөн.

Тимур эмне дейт?

2017-жылы 21-апрелде саат 07:00 чамасында Раатбек жана Дастан менен жолугушуп, спирт ичимдигин ичүү тууралуу сүйлөшүп, сыра ичишкен. Андан кийин Дастан компьютердик клубга кетсе, Раатбек экөө үйлөрүнө барып, кошуналарына жардам беришкен. Андан кийин батирине кирип, ашканадан чай кайнаткан. Ал эми чоң энеси өзүнүн бөлмөсүндө уктап жаткан. Ошол учурда Тимур акча таап, эс алып келүүнү ойлонгон. Ал акча издеп баштаганда чоң энеси ойгонуп кетип, аны дароо тумчуктуруу менен бөйрөк тарабына ургулап баштаган. Андан кийин ашканага кирип, алып чыккан бычак менен бир нече жолу сайган. Бул кылмышынан кийин бычакты жууп-тазалап, үйдүн ичинен 7 миң сом жана компьютер таап алып, «Мени издебегиле, асынып өлөм» деп жазылган катын таштап кеткен.

Үйүнөн 2 баштык алып, 4-кабаттан түшүп бара жатканда өзүнүн үйүнөн чыккан Раатбек менен кезиккен. Андан баштыктарын көтөрүшүүгө жардам сурап, мейманканага барышкан. Ал жерден студенттик билети менен телефонун күрөөгө таштаган. Мейманканадан экөө спирт ичимдигин ичип, андан кийин Дастанды телефон аркылуу чакырышкан.

Кийинки күнү Дастан менен кайрадан жолугушуп, баштыктагы буюмдардын айрымдарын саткандан кийин компьютердик клубга барган. Ал жерден чыгып бара жатканда милиция кызматкерлери колго түшүрүшкөн. Ал алгач коркконунан гана Раатбекти кошо кылмышка аралаштырганын, ал кылмыш учурунда жанында болбогонун айткан.

Тимурдун айтымында, акыркы күндөрү чоң энеси аны багып алышканын айтып көп урушуп, агасы сабап келген. Мындан улам ал бакма баламын деп ойлогон.

Раатбектин көрсөтмөсү

21-апрель күнү Тимур экөө жолугуп, сыра ичишкен. Андан кийин кошуналарына жардам берип, 9-кабатка чыгып, Тимур өзүнүн батирине кирип кеткен. Ал 4-кабаттагы батирине кирип кеткенден кийин Тимур баштыктарды көтөрүп кайра келген. Экөө такси менен мейманканага барып, бөлмө алышкан. Ал эми алар алып келген баштыктын ичинде саат жана долларлар бар болчу. Дастанды чакырып, ага саат жана тыйындарды беришкен.

«Андан кийин үйүмө кеттим. Спирт ичимдиктерин ичип жатканда эч нерсе тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Аялдын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринен уктум. Ританын батирине кирген эмесмин жана анын өлүмүнө тиешем жок. Соттон акыйкат чечим чыгарууну суранам», - деди Раатбек.

Дастандын көрсөтмөсү

21-апрель күнү саат 07:00 чамасында Тимур жана Раатбек менен жолуккан. Алар карызга сыра, тамеки алышкан. Сыра ичип жатканда Тимур үйдөн буюм алып чыгууну сунуштап, бирок Дастан баш тартып, компьютердик клубга кетип калган.

«Бир нече сааттан кийин Раатбек мейманкананын дарегин жөнөттү. Ал жерге келгенде Раатбек чыгып, экөөбүз «Орто-Сай» базары тарапка бардык. Ал 5 долларды алмаштырып, такси акысын төлөдү. Кийинки күнү Тимурга барып, баштыкты көрдүм. Ал баштыкты үйүнөн алып келгенин айтты. Бизди кармаганда Тимур унчуккан жок. Раатбектин айтымында, чоң апа уктап жатканда батирге киришкен. Бычакты Тимур алып келген. Тимурдун атасы тосмо арыз жазыптыр, бул тууралуу сот отурумунда гана билдим. Тимурду компьютердик клубга жөнөтүп, өзү милиция кызматкерлерине барган», - деди Дастан.

Жыйынтыгында сот Тимурду күнөөлүү деп таап, 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагына кести. Ал эми Раатбек менен Дастан 2 жылдык сыноо мөөнөтүү менен 5 жылга шарттуу кесилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×