Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 21.11.2018 13:40 На русском

Кыргыз-өзбек тасмасы — «Делбирим». Трейлер

Turmush -  Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип экрандаштырган «Делбирим» тасмасынын бет ачары 5-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Ал эми Ташкентте 17-ноябрда уюштурулган.

Бул тасма Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып, анын «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылып бүткөн. Анда башкы каармандардын образын өзбекстандык актёрлер — Адиз Раджабов (Ильяс), Улугбек Кодиров (Байтемир) жана кыргыз кыздар — Мадина Талипбек (Асел) менен Элина Абай кызы (Кадича) жаратты.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысы Аселдин ролун жараткан Мадина Талипбек менен маектешип, тасманы тартуу иштери тууралуу кенен маалымат алган.

Тартуучу топ жарыялаган трейлер:


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×