Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 19.11.2018 17:38 На русском

Сүрөт: Бишкекте 30дай дарыгер нааразычылык билдирип чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарындагы Ак үйдүн алдында 30дай дарыгер чогулуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун оптимизациялоого каршылыгын билдирип, нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги биздин эмгек акыны жогорулатпай, 8 айда универсалдуу дарыгер катары кайрадан окууну сунуштап жатат. Мен гинеколог болсом, бейтаптарды терапевт жана педиатр катары кабыл алам. Бул мүмкүн эмес. Бул аралаш ыкма. Медицинада болгон бардык адистиктерди өздөштүрүүгө өмүр жетпейт», - дешти дарыгерлер.

Акциянын дагы бир катышуучусу: «Оптимизациялоодо атаандаштык ар кандай адистиктеги дарыгерлердин эмес, гинекологдордун, балдар дарыгерлеринин жана терапевтердин ортосунда болушу керек», - деди.

«Бул медицинаны жоготуу диверсиясы. Бул жеңил ойлуу кабыл алынган чечим», - деди дарыгер-гинеколог.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×