Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 19.11.2018 11:31

Бишкекте дөңгөлөк желимдөөчү жай өрттөнүп, 2 жигит жаракат алды

Turmush -  Бишкекте унаалардын дөңгөлөктөрүн желимдөөчү жай өрттөнүп, 2 жигит жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Л.Толстой көчөсүндө болгон. Желимдөөчү жайдын 20 чарчы метр бөлмөсү, 15 дөңгөлөк, 2 матрац күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1996-жылы туулган К.Э. менен 1999-жылы туулган Ш.Ю. 1-даражадагы күйүк алган. Өрттүн чыгышына тиричилик электр шаймандарын колдонуудагы эреженин сакталбаганы себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×