Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Ош облусуАлай району 17.11.2018 22:11 На русском

Сүрөт: Алайдагы жол кырсыктан аял жүргүнчү каза болуп, жаш балдар ооруканага түштү

Turmush -  Алай районунун аймагындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен адам өмүрү кыйылды. Окуя 16-ноябрда саат 16:00 чамасында Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусун кесип өткөн Ош – Эркеч-Там унаа жолунун 61-чакырымында болгонун Алай РИИБ тастыктады.

Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын 1978-жылы туулган тургуну Д.А. (эркек киши) "ДЭУ Ланос" унаасы менен Ош шаары тарапка бара жаткан. Анын унаасы каршы багыттагы "Мерседес-Бенц" унаасы менен аталган тилкеге жеткенде сүзүшкөн. Экинчи унааны Алай районунун 1988-жылы туулган тургуну Т.А. (эркек киши) башкарып жүргөн. Кырсыктын кесепетинен биринчи унаанын жүргүнчүсү – Алай районунун 1961-жылы туулган тургуну А.Эгемжарова оор жаракат алып каза болду. Андан башка 3 жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Алар:

- маркумдун 2014-жылы төрөлгөн небереси (кыз);

- Алай районунун 1976-жылы туулган тургуну Ж.А. (аял киши), биринчи унаанын жүргүнчүсү;

- анын 2016-жылы төрөлгөн кызы.

Учурда бул окуяга байланыштуу тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×