Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 17.11.2018 13:42

Казакстанда дзюдо боюнча чемпион Жасулан Абиевди өлтүрүп кетишти

Turmush -  Казакстандын Семей шаарында дзюдо боюнча бир нече жолку чемпион Жасулан Абиевди өлтүрүп кетишти, деп жазат eurosport.ru.

12-ноябрда Жасулан Семей шаарындагы Каражыра көмүр тилкесине барган.

Күбөлөрдүн айтымында, спортчу кезекте турган адамдардын бири менен мушташа кетип, ал Жасуландын башына катуу сокку урган. Ал ошол жерде каза болгон. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Күнөөлүү жаран Казакстандын Кылмыш-жаза кодекси менен 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жасулан Абиев – дзюдо боюнча Казакстандын бир нече жолку чемпиону. Ал 2010-жылы спорттук карьерасын жыйынтыктап, ишкерчилик менен алектенип жүргөн. Ал 33 жашта болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×