Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 17.11.2018 13:16

Бишкекте жаш баланы «Мерседес» уруп кетти (видео)

Turmush -  Кечээ, 16-ноябрда Бишкектин Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа (номуру 320 AAL) жаш баланы уруп кетти. Бул тууралуу «Репортерго» окурмандар билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 18:30 чамасында болгон. Бактыга жараша бала оор жаракат алган жок. Айдоочу түшө калып баланын абалын сурап, андан кийин унаасын айдап кетип калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×