Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 17.11.2018 11:37 На русском

Ө.Текебаевдин ишинде негизги күбө болгон Л.Маевский Москвада камакка алынды

Turmush -  Москва шаарында Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевский ушул жылдын январь айынын ортосуна чейин камакка алынды. Ал бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылган деп айыпталууда, - деп жазат «Интерфакс».

«Тараптардын далилдерин угуп, материалдарды карап чыккан соң сот Маевскийди 2019-жылдын 14-январына чейин камакта катыруу өтүнүчүн канааттандырды», деп соттун чечимин судья Дмитрий Гордеев окуду.

Маевский Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренесинин 3-бөлүмү менен айыпталууда. Эгерде анын күнөөсү далилденсе ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Маевский Москва шаарында 2018-жылдын 31-октярынан 8-ноябрына чейин белгисиз адамдар менен ич ара сүйлөшүп алып, жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылган. Эгерде баш тартышса, аларды жаманатты кыла турган маалыматты жарыялай тургандыгын айткан. Аталган факт боюнча 14-февралда кылмыш иши козголуп, кийинки күнү кармалган.

Кыргызстанда Леонид Маевский Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишинде негизги күбө катары каралып келет. Текебаев мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга камалып, 3 жыл аралыгында мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыратылган.

Ага 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура «Альфа Телеком» компаниясынын башкармалыгынын курамына кирүү үчүн депутатка 1 млн доллар бергенин айткан россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×