Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 16.11.2018 12:54

Өзбек президенти Ш.Мирзиёев С.Жээнбековду 60 жаш мааракеси менен куттуктады

Turmush -  Бүгүн, 16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду 60 жаш мааракеси менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтты. Эки мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине эң жакшы каалоолор менен куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, аны Өзбекстанда өз өлкөсүнө жана элине ак кызмат кылган тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары билишерин белгиледи.

«Сиздин саясат Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн, эл аралык аянтчада кадыр-баркынын бекемделишин камсыздайт. Саясий эрк жана практикалык кадамдардан улам, өзбек-кыргыз достук, жакшы коңшулаштык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери тез өнүгүп баратат. Акыркы жылдары орнотулган ачык жана конструктивдүү баарлашуу, бардык деңгээлдердеги байланыштардын активдешүүсү саясий жана маданий-гуманитардык тармактарда мамиленин кеңейишине, экономиканын ар кыл тармактарында кооперациянын күчөтүлүшүнө көмөктөшүүдө.

Борбордук Азиянын аймагындагы коопсуздук жана туруктуулуктун, тынчтыктын кызыкчылыктарында биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын көп пландуу мамилелеринин мындан аркы бекемделишине ишенем», - деп белгиленген Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×