Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 16.11.2018 11:26 На русском

Премьер-министр М.Абылгазиев костюмдарын кайдан сатып аларын айтты

Turmush -   Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы өлкөнүн текстиль өндүрүшүнүн баалуулугун арттыруу максатындагы форумдун жүрүшүндө суроолорго жооп берди. Анын алкагында ата мекендик өндүрүштөгү костюмдарды кие турганын айтты.

«Премьер болгонго чейин ар түрдүү өндүрүштөгү костюмдарды кийчүмүн. Кийин Ак үйдөгү чиновниктерден кандай костюм кие турганын сурап калдым. Ошондуктан мен жергиликтүү тигүүчүлөргө буйрутма берип баштадым. Азыр биздин өндүрүштөгү костюмду кийип турам», - деди өкмөт башчы.

Анын пикири боюнча, жергиликтүү тигүүчүлөрдүн технологиясы жакшы. Ал эми көйгөй кездеменин сапатына байланыштуу.

«Кымбат баадагы костюм сатып алсаң, аны кайра өзүңө чак келгидей кылып оңдоо керек. Ал эми тиктиргенде сапаты жакшы жана арзан дагы болот», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×