Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 16.11.2018 10:24 На русском

Бишкекте 5 жолу унаа уурдоого шектелген 23 жаштагы кыз кармалды. Акыркысында «БМВ» айдай качкан (фото)

Turmush -  Свердлов РИИБдин кызматкерлери унаа уурдоого шектелген кызды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 7-ноябрда шаардын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 7-ноябрда «БМВ» үлгүсүндөгү унаасын айдап, белгисиз тарапка качып кеткен чала тааныш кызга карата чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча унааны укукка жат жол менен ээлеп алуу беренеси менен кылмыш иш козголгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө унааны айдай качууга шектелип 1995-жылы төрөлгөн Б.к.А. кармалды. Кармалган кыз Бишкекте жасалган дагы ушундай 5 фактыга шектелүүдө.

Сот шектүү кызды 1 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×