Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 16.11.2018 09:41

Видео: Кыргыз номурлуу унаа Россиядагы жол кырсыкта талкаланып, адамдар каза болду

Turmush -  Кыргызстандыктар кыргыз номуру менен жүргөн унаанын катышуусундагы жол кырсыкка байланыштуу видеотасманы мессенжер аркылуу таратып жатышат. Анда автор окуя Россиянын аймагында, Ленинск—Кузнецкий жолунда болгонун айткан.

Видеодон 03 kg 409 MRA номурлуу «Тойота» үлгүсүндөгү унаанын ичинде 2 эркек кишинин денеси жатканын көрүүгө болот. Видеотасманы маркумдардын жакындарын табуу максатында таратып жатышат.

Жол кырсык качан болгону тууралуу азырынча так маалымат жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×