Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 15.11.2018 10:01

Бишкекте жеңил унаа толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 14 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 15-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок.

Бишкектеги Свердлов районунун Бакай-Ата конушунда «Дэу Леганза» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү. Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле балдардын от менен ойногонунан улам Оштогу Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагынын Жаңы-Абад айылында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 40 чарчы метр чатыры, 150 түк чөп, 150 боо тамеки куурайы күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×