Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Бишкек 15.11.2018 09:21

Видео, сүрөт: Кыргызстандагы сулуулар таймашы. Эльмара Бурамбаева — жеңүүчү

Turmush -   Бишкек шаарында «Кыргызстан сулуусу - 2018» («Мисс Кыргызстан - 2018) сынагынын жыйынтыгы менен эң сулуу кыздар аныкталды.

Быйыл «Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагы эки башка уюштуруучу топ тарабынан өттү. Экинчи сынактын финалы 14-ноябрга белгиленип, анын финалдык туруна 25 талапкер жолдомо алган. Уюштуруучулардын айтымында, бул сынак биринчи жолу «Дүйнө сулуусу-2018» сынагынын өкүлүнүн жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин катышуусу менен уюштурулду.

Тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыгы менен калыстар тобу «Кыргызстан сулуусу - 2018» наамына 21 жаштагы Эльмара Бурамбаеваны татыктуу деп табышты. Ал таажы менен бирге «Дүйнө сулуусу» сынагына Кыргызстандын атынан катышуу укугуна ээ болду. Ага таажыны «Кыргызстан сулуусу - 2017» наамын жеңип алган Бегимай Карыбекова кийгизди.

Эльмара бул сынакка Жалал-Абад облусунун атынан катышкан.

Эльмара Буранбаева
Эльмара Бурамбаева

Ал эми «Биринчи вице-мисс» наамы Бегимай Иваковага берилди.

Бегимай Ивакова

Ушундай эле сынактын финалы Бишкекте 5-ноябрда өтүп, 22 жаштагы Айжан Жеңишова жеңишке жетишкен болчу. Бул сынакты Рскүл Намазбекова уюштурган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×