Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 14.11.2018 15:05 На русском

Кубанычбек Кулматовдун жарандыгы боюнча доо арыз каралбай турган болду

Turmush -  Бүгүн, 14-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун Кыргызстандын жараны экенин жокко чыгаруу боюнча угуу өттү.

Судья сотко Мамлекеттик каттоо департаментинин директору Пратовадан дооматты кароосуз калтыруу жана материалды кайтаруу боюнча кат келгенин билдирди. Доогердин өкүлдөрү сот отурумуна келген жок. Ал эми судья өтүнүчтү канааттандырып, иш жабылды.

Жактоочу Сергей Слесаревдин айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы өздөрү дооматта атаган документтерди көрсөтө алышкан эмес.

Буга чейин Жогорку соттун соттук коллегиясы 10-июлда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, аны камакта калтыруу чечимин кабыл алган болчу.

Кылмыш иш:

УКМК Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштин (коррупция) алкагында айып такты. Бул тууралуу 21-майда УКМКдан билдиришкен болчу.

Маалыматка караганда, К.Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында кытайлык TBEA компаниясы тарабынан аймактарда жаңы 2 мектеп салынышы үчүн бөлүнгөн гранттык 2 млн долларды мыйзамсыз пайдалангандыгы такталды. Ал Бишкектин Калыс-Ордо конушунда мектеп курулушу керектигин шылтоо кылып, аталган акчаларды өкмөттүн карамагынан Бишкектин мэриясынын карамагына алып алган.

К.Кулматов «Альто Групп» ЖЧКнын жетекчиси менен сынак өткөрбөстөн келишим тандап, аталган жеке компаниянын эсебине кытайлык ишканадан 1 млн АКШ долларын которткон. Ошондой эле Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушун бүтүрүү үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жалдануучу жеке компаниянын жетекчилеринин бири да кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×