Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 14.11.2018 11:26 На русском

Президент жаңы министрлерди азыраак уктап, көбүрөөк иштөөгө чакырды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 14-ноябрда жаңы дайындалган министрлер Жогорку Кеңеште ант беришти. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун антына президент Сооронбай Жээнбеков дагы күбө болду.

Өлкө башчы жаңы министрлердин алдында сыноо турганын айтты.

«Ишке жаңы киришип жаткан министрлер иштин майын чыгара турган курактагы азаматтар. Жаш болсо дагы мамлекеттик кызматтын ачуу-таттуусун басып өткөн азаматтар.

Уйкуну азыраак уктап, көбүрөөк иштесеңер талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет. Ошону унтпагыла. Бүгүнкү антыңарды эстеп, кайталап жүргүлө», - деп белгилеген өлкө башчы өкмөттүн ишине ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×