Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.11.2018 19:10 На русском

Сүрөт: Бишкекте жаш жубайлар баңгизат менен кармалды

Turmush -  Октябрь РИИБдин кызматкерлери жашыруун баңгизат сактап жүргөн деген шек менен жаш жубайларды кармады. Бүгүн, 12-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, баңгизаттын өлчөмү чоң болгон.

Шектүүлөрдү кармоо 10-ноябрда РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, 1996-жылы туулган А.А. (аял киши) ширеңкенин 4 кутусу менен кармалган. Ал эми анын күйөөсү — 1996-жылы туулган О.А. башкарып жүргөн унаадан целлофан баштык алынып, андан ширеңкенин 12 кутусуна салынган баңгизат чыккан. Экспертиза бул зат гашиш (194 грамм) экенин ачыктады.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сактоо, жүгүртүү, ташуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жубайлар убактылуу камакка алынды. Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×