Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 09.11.2018 08:42

Фото — С.Жээнбеков ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарында иш сапар менен болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты. Сессиянын аягында жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду.

ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан өлкөлөрүнүн президенттери жана Армениянын премьер-министри катышты.

ЖККУда төрагалык Казакстандан Кыргызстанга өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×