Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 07.11.2018 11:54 На русском

15 жашында мигрант болуп, катуу ооруга чалдыккан Мээримге Индияда операция жасалды (сүрөт)

Turmush -  15 жашында мигрант болуп, кийин катуу ооруга чалдыккан Мээрим операциядан чыкты. Индияда жасалган операция 13 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктаган. 25 жаштагы Мээримге өзүнүн апасы донор болгонун алардын абалынан кабар алып келген Медер Сапарбаев билдирди.

Мээрим буга чейин боор (цирроз) оорусу менен жабыркап келген. Кыргызстандагы дарыгерлер убакыт тар экенин айтып, акыркы күндөрү үйүнө чыгарышкан эле. Учурда Мээрим менен апасынын абалы жакшы.

«13 саат бою операция жасалды. Буга чейин көп кыйынчылык көрдү. Тилекке каршы мындай операциялар бизде жасалбайт экен. Азыркы учурда экөөнүн тең абалы жакшы.

Мээрим бир ай Индиянын ооруканасында жатып, анализдин жыйынтыктары чыкканда Кыргызстанга келет. Бул жерде баса белгилеп кете турган нерсе, Мээримгүлдүн ден соолугуна кайдыгер карабаган кыргыз элине ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деди Медер Сапарбаев.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысына атасынан эрте ажырап, апасы, бир туугандары менен үйүнөн куулуп чыккан Мээримгүлдүн тагдыры тууралуу туугандары айтып беришкен.

Мээрим

«Мээрим 15 жашында көр оокаттын айынан Россиянын Самара шаарына кеткен. Алгач 5 миң рубль айлыкка бала багуучу болуп иштеди. Кийинчерээк пол жууду, ар кандай жумуштарды жасап жүрдү. 18 жашка толгондо Кыргызстанга келип паспорт алып, кайра Россияга кетти. Биз ошондо эми турмушка чык десек “мен күйөөгө тийип кетсем апамдын абалы эмне болот? Жакындарымды үйлүү-жайлуу кылайын” деп, кийин үй-бүлөсү менен бирге Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан үй алышты эле.

Мээрим ооруганга чейин

Мээрим (3)

Эки жыл мурда Кыргызстанга келип, ошол үйүн оңдоп-түзөп, кайрадан Россияга кетем дегенде ден соолугунан кыйналып калды. “Бөйрөгүм ооруп жатат” деп оорусуна маани бербестен түрдүү дарыларды өз алдынча ичип жүрө бериптир», - деген Мээримдин таежеси Б.Таштанбекова.

Жакындарынын айтымында, Мээримгүл ошол бойдон ден соолугуна маани бербей, иштеп жүрө берген. Арадан 1 жылдай убакыт өтүп, оору күчөй баштаганда гана ооруканага кайрылышкан.

«Чыдатпай ооруй бергенде 2017-жылы бейтапканага анализ тапшырышкан. Жыйынтыгы боорунда курту бар деп чыгыптыр. “Боору чоңоюп кетиптир, аябай кеч кайрылгансыңар” деген дарыгерлер операция жасашып, боорунун көпчүлүк бөлүгүн алып салышкан. Бирок операциядан кийин абалы начарлап, чачтары түшүп калды. Кайра ооруканага кайрылсак “биз кабыл ала албайбыз” деп дарыгерлер карабай жатат. Азыр өпкөсүнө улам суу толуп, бир жумада беш литрден суу алдырып жатабыз. Дарыгерлер “тездеткиле, убактыңар аз, бир ай дагы убакыт калбады” деп жатышат», - деген М.Таштанбекова.

Мээрим

Мындан улам Мээримгүлдүн жакындары элден жардам сурап кайрылууга мажбур болушкан.

Мээрим (2)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.