Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 06.11.2018 17:33

Достордун өлүм менен аяктаган мелдеши: Австралиялык регбист үлүл жеп каза болду

Turmush -  Австралиялык регбист Сэм Баллард мындан 8 жыл мурун жержелим (кабыгы жок үлүлдөрдүн систематикалык тобу) жеп алгандан кийин ооруга чалдыгып каза болгон. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы «Independent» басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, аталган жигит эс алуу учурунда достору менен мелдешип, тирүү үлүлдү жеген. Ал мындан көп өтпөй ооруканага түшүп, Баллардга чычкан тасма курту жуккандыгы аныкталган. Дарыгерлер аны аппаратка түшүрүп, мите курттун кесепетинен пайда болгон эозинофилдик менингит, ошондой эле мээ жабыркаган деген диагноз коюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×