Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 06.11.2018 17:24

Кыргызстандык 2 спортчу дүйнөдөгү эң күчтүү балбандардын рейтингинде 3-орунга көтөрүлдү

Turmush -  Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков менен Атабек Азисбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү балбандардын рейтингинде 3-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг Будапешттеги дүйнө чемпионатынан кийин жарыяланды.

Ж.Шаршенбеков Венгрияда 55 кг чейинки салмактагылар арасында күч сынашып, финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Бул жыйынтык менен ал 61 упай топтоп, 3-орунга көтөрүлдү. Ал эми 2-орунду Жоламанды жеңип алган дүйнө чемпиону — азербайжандык (66 упай) Элданих Азизли ээледи.

Атабек Азисбеков Венгрияда 82 кг чейинкилер арасында килем үстүнө чыгып, 5-орунду алган. Учурда ал жаңыланган рейтингде 77 упай менен 3-орунда турат. Ал эми 2-орунга 78 упай менен түркиялык Эмрас Кус жазылды. Бул салмак даражада 81 упай топтогон белоруссиялык Виктор Сосуновский 1-орунга жазылуу укугуна ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×