Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Бишкек 06.11.2018 16:03 На русском

2026-жылы Кумтөр жабылат, - премьер Мухаммедкалый Абылгазиев

Turmush -  2026-жылы Кумтөр жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда өкмөттүн кезектеги отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, мындай жыйынтыкты эл аралык эксперттер берүүдө.

«Кумтөрдүн жабылышы Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизбейт. Экономикага коркунуч жаралбайт. Бул убакта Кыргызстанда аналогиялык ишканалар ачылат», - деди ал.

Премьердин билдирген маалыматына караганда, 9 айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке салык менен бажыдан 10 млрд сом түшкөн.

«Биз инвесторлорго жагымду шарттарды түзүп беришибиз керек. Ишкер-акыйкатчы боюнча маселени эртерээк чечишибиз керек. Ал сөзсүз болушу зарыл. Ишкер-акыйкатчы ишкерлер менен инвесторлордун, экономикага салым кошкон адамдардын укуктарын коргойт. Ишкер-акыйкатчы боло турган адам ишкерчиликтин табиятын жакшы түшүнүшү керек. Биз бул институтту түзүүнү убадалаганбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×