Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Бишкек 06.11.2018 10:50 Жаңыланды: 06.11.2018 14:19

«Кыргызстан сулуусу - 2018» наамы жана автоунаа: 27 талапкердин ичинен жеңүүчү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Бишкек шаарында кечээ, 5-ноябрда жыл сайын уюштурулуп келген «Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагынын финалдык туру өттү. Анда бул наамга 27 сулуу талапкер болуп, жыйынтыгында 22 жаштагы Айжан Жеңишова жеңишке жетишти. Ал Ысык-Көл облусунун кызы.

Жеңүүчү болгон сулуу эл аралык сулуулар сынактарына өлкөнүн атынан катышуу укугуна ээ болуу менен баш байгедеги «Мерседес-Бенц A 140» үлгүсүндөгү унаанын ачкычын алды.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысы 22 жаштагы Айжан Жеӊишбекова менен маектешкен болчу. Ал учурда Кытайдын Ганьсу провинциясындагы Ланьчжоу шаарында билим алып жатса, буга чейин «Ысык-Көл сулуусу-2013» наамын жеӊип алган.

Айжан Женишова

Унаа


Ал эми «Биринчи вице-мисс» наамына 19 жаштагы Нуриза Бектурова татыса, «Экинчи вице-мисс» наамына 18 жаштагы Эльгиза Ырсакунова ээ болуп, 3-орунга 16 жаштагы Арина Сулайманова чыкты. Үчөө тең эми Түркияда эс алып келишет.

Сынак

Бул сынактын финалына алгач 30 талапкер жолдомо алган:

Быйыл «Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагы эки башка уюштуруучу топ тарабынан өтүп жатат. Экинчи сынактын финалы 14-ноябрга белгиленип, анын финалдык туруна 25 талапкер жолдомо алган. Уюштуруучулардын айтымында, анын жыйынтыгы менен «Дүйнө сулуусу-2018» сынагына Кыргызстандын атынан катышуучу сулуу тандалат.

Бул сынак биринчи жолу «Дүйнө сулуусу-2018» сынагынын өкүлүнүн жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин катышуусу менен өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.