Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Бишкек 06.11.2018 10:22

Турдуназир Бекбоев президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды

Turmush -  Турдуназир Бекбоев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын президентинин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 6-ноябрда билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Буга чейин Т.Бекбоев Президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруучу-инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×