Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Бишкек 06.11.2018 08:58 На русском

Бишкекте жөө аялды сүзүп кеткен «Мерседестин» айдоочусу 8 айдан кийин кармалды (сүрөт)

Turmush -  Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндө жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды. Окуя ушул жылы 7-март күнү саат 08:30 чамасында болгон.

Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен оор жаракат алган аял — 1978-жылы туулган Р.Г. ооруканага жаткырылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ага лейтенанттар — С.Табиев менен Б.Асаналиев 1959-жылы туулган Т.А.ны кармап, ал окуяны моюнуна алды. Ал «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн. Т.А. Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну экени такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×