Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 05.11.2018 17:50 На русском

Бишкекте тез жардам унаасы менен «Лексус» кагышты

Turmush -  Бишкек шаарынын Лев Толстой менен Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасынын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды. Окуя бүгүн, 5-ноябрда болгонун Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, тез жардам унаасы менен «Лексус» кагышкан. Жол кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Унаалардын айдоочулары жол тескөөчүлөр келгенге чейин окуя болгон жерден кетип калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×