Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 05.11.2018 15:51 На русском

«Айчүрөк» соода борборунда иштеген реализатор акча уурдап жүргөн

Turmush -  Бишкек шаардык соту 22 жаштагы Дамиранын кылмыш иши боюнча (аты өзгөртүлдү А.Д.А.) чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Буга чейин Свердлов райондук соту Дамираны күнөөлүү деп таап, 2 жылдык мөөнөткө чейин эркиндигине чектөө киргизилип, жаза-аткаруу инспекциясына эскертүүсүз Бишкек шаарынын аймагынан чыкпоо, жаза-аткаруу инспекциясынын уруксатысыз жашаган даректи өзгөртпөө, кайда иштеп жаткандыгы жөнүндө айтып туруу, айына эки жолу каттоо үчүн жаза-аткаруу инспекциясына барып туруу чарасы каралган.

Сот жабырлануучу Нигордун (аты өзгөртүлдү Д.Н.С.) пайдасы үчүн материалдык чыгым 5 миң 500 сомдун ордун толтуруу чечимин кабыл алган.

Дамира эмне үчүн айыпталып жатат?

Ал буга чейин «Айчүрөк» соода борборундагы бутикте иштеп жаткан. 2018-жылдын 17-июнунда болжол менен саат 17:00дө кожоюну Нигордун жоктугунан пайдаланып, тумбочканын ичинен анын сумкасын алып, 4 миң сом акча уурдап алган. 18-июнда болжол менен саат 15:40та жумуштан дагы 1 миң 500 сом уурдап алган.

Дамира өзү эмне дейт?

- Мен Нигордо оозеки келишим менен саат 10:00дөн саат 20:00гө чейин иштечүмүн. Эки ай эмгектенип, иштегениме жараша айына 14-15 миң сом алчумун. Бирок айлык алчу эмесмин. Бала бакчага акча керек болуп калып, жабырлануучунун сумкасынан 5 миң 500 сом алгам.

Жабырлануучу эмне дейт?

- Айыпталуучу бир нече жолу уурулукка барды. Ошондуктан апелляциялык даттануумду толугу менен канааттандырып берүүңүздөрдү өтүнөм.

Жыйынтыгында сот Свердлов райондук сотунун өкүмүн өз күчүндө калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×