Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 05.11.2018 11:47 На русском

Асылган мумиянын ролун аткарып жаткан... Алматадагы түнкү клубда каскадер көз жумду (видео)

Turmush -  Казакстандын Алмата шаарындагы түнкү клубдардын биринде Хэллоуин майрамы белгиленип жаткан учурда каскадер Касым Жумагужин каза болду. Ал 3-ноябрь күнү кесиптештери менен бирге бардагы шоу-программага чакырылган.

Nomad Stunts профессионал каскадерлор тобунун менеджери Евгения Линин айтымында, К.Жумагужин асылып турган мумиянын ролун аткарган. Ал трюктарды аткарууга арналган атайын кыска жеңдүү кийим кийген. Трюкту аткарып жатканда анын жанында башка каскадер да бар болчу.

«15 мүнөттөн кийин каскадерду жерге түшүрүштү. Ал бошоң көрүнгөнү менен өзүн жоготкон эмес. Медицина кызматкерлери тиешелүү жардамды көрсөтүп, бирок буга карабастан каскадер көз жумду», - деди Евгения Ли.

Соттук-медициналык экспертизанын тыянагы боюнча, К.Жумагужин инфаркттын кесепетинен каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×