Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Дүйнө 05.11.2018 12:07 На русском

«Жер сулуусу - 2018»: Таажыны вьетнамдык студент тагынды (сүрөт)

Turmush -  «Жер сулуусу - 2018» сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчү аныкталды. Таажыны Вьетнамдын атынан катышкан сулуу Фыонг Кхань Нгуен тагынганы тууралуу маалымат сынактын социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи Филиппиндин борбору Манила шаарында өттү. Вьетнамдык сулууга таажыны «Жер сулуусу - 2017» сынагынын жеңүүчүсү — филиппиндик Карен Ибаско тапшырды.

23 жаштагы Фыонг Кхань Нгуен жогорку окуу жайда маркетинг боюнча билим алып, англис тилинде эркин сүйлөйт. Ал сынактагы презентациясында Вьетнамдын түштүгүндө жайгашкан Меконг дарыясын сактап калуу боюнча экологиялык долбоор тууралуу айтып берди. Сынактын тарыхында Вьетнамдын атынан катышкан сулуу алгачкы жолу жеңүүчү болду.

«Жер сулуусу» эл аралык сулуулар сынактарынын арасынан эң жаш сынак болуп саналат. Сынак катышуучулардын бардыгы экологиялык долбоорлорду тааныштырганы менен айырмаланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×