Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 05.11.2018 10:45 На русском

Бишкекте айдоочулардан акча топтоо боюнча коррупциялык схема түзгөн чиновник кармалды

Turmush -  УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарындагы унааларды жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүндөгү коррупциялык схеманы аныктады.

Түзүмдүн маалыматына караганда, буга чейин козголгон кылмыш иштердин алкагында 2-ноябрь күнү Бишкек шаарында унааларды жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси А.Н. кармалды. Ал материалдык жактан байлык топтоо максатында унааларды кайра каттоо жана унаа айдоону үйрөткөн мектептердин окуучуларынын айдоочулук күбөлүк алуусунда мыйзамсыз акча топтоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөн.

Кармалган адам УКМКнын абагына камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×