Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 02.11.2018 11:08 На русском

Фото — УКМК эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүн кармады

Turmush -  25-октябрда УКМК кызматкерлери эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы чет элдик 5 жаран жана кыргызстандык 4 жаран кармалды. Алар Чүй облусунда аракет жүргүзүшкөн. Кармалгандар 2017-жылдан тарта Афганистандагы жана Сириядагы эл аралык террористтик уюмдун катарына башкаларды тартуу менен алектенишкен. Ошондой эле Кыргызстанда жардырууларды уюштурууну көздөп жүрүшкөн. Аталган адамдардын катарында КМШнын жана башка региондогу мамлекеттердин жарандары да болушкан. Алар өз мамлекеттеринде террористтик ишмердүүлүктөргө айыпталып издөөдө жүрүшкөн. Кыргызстанга тажрыйбалуу согушчандарды кабыл алуу жана жаңы мүчөлөрдү даярдоо тапшырмасы менен келишкен.

Учурда УКМК козголгон кылмыш иштин алкагында иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×