Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 01.11.2018 15:14 На русском

Бишкекте 3 унааны сүзүп кеткен «Лексустун» айдоочусу изделүүдө

Turmush -  Бишкек шаарынын Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус 470» унаасы 3 унааны сүзүп кетти. Окуя бүгүн, 1-ноябрь күнү саат 10:20 чамасында болгонун Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган унаа жол жээгинде токтоп турган «Хендай», «Дайхацу» жана «Тойотаны» сүзүп, ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Учурда «Лексустун» айдоочусу изделип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×