Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баракелде, Бишкек 01.11.2018 13:35 Жаңыланды: 01.11.2018 13:43

«Кыргызстан сулуусу - 2018»: Сулуулар эл алдына ич кийимчен чыгышпайт

Turmush -  Учурда «Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагынын финалдык бөлүгүнө даярдык иштери жүрүп жатат. Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында уюштуруучулар билдиргендей, бул сынактын алгачкы туруна Кыргызстандын аймактарынан жалпы 300 сулуу катышкан. Улам тандоо турлары өтүп жатып, алардын ичинен 30 алдыңкы катышуучу тандалган болчу. Ал эми финалдык бөлүккө 25 талапкер жолдомо алды.

Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулар үчүн сүйлөө чеберчилиги, эл алдында өзүн алып жүрүү эрежелери сыяктуу сабактар өтүлүп, спорт залга да барып жатышат.

Ал эми бул жылы сулуулар сахнага ич кийимчен чыкпай турган болду. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекованын айтымында, катышуучулар ич кийимдин ордуна улуттук стилдеги кийимдерди кийип чыгышат.

«Кыргызстан сулуусу — 2018» сынагынын финалы 14-ноябрда Бишкек шаарында өтөт. Андагы жеңүүчү Кыргызстандын атынан «Дүйнө сулуусу» сынагына катышууга жолдомо алса, алдыңкы орундарды ээлеген сулуулар ар кандай эл аралык сынактарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×