Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 30.10.2018 11:51 На русском

Кытайда кыргызстандык 17 адам соттолуп, экөө өлүм жазасына тартылган

Turmush -  Кытайда кыргызстандык 17 адам соттолгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда депутат Руслан Казакбаевдин («Республика – Ата Журт») суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык 2 адам өлүм жазасына тартылган. Жарандарды алмашуу жөнүндө макулдашуу керек. Анткени Кыргызстанда да камалган кытайлык жарандар бар.

«Бизде бул беренелер боюнча Кытайдын канча жараны соттолгон? Экстрадициялоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат?», - деп сурады депутат.

ТИМ 2 жаран экстрадициялангандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×