Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 29.10.2018 13:18 На русском

Түнкү клубдагы мушташ: Бишкекте 18 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Turmush -  Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын бириндеги мушташтын кесепетинен каза болгон жигиттин өлүмүнө шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-октябрь күнү саат 01:30 чамасында Октябрь РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө түнкү клубда мушташ чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, эс-учун жоготуп жаткан адамды табышкан. Жабырлануучу тез жардам унаасында көз жумган. Ал 2000-жылы туулган Б.А. экени такталды.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө түнкү клубдагы жигиттер кайым айтышып, андан кийин мушташ чыкканы маалым болгон. Бул факты боюнча Октябрь РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иш козгогон.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 2001-жылы туулган М.у А. менен 2000-жылы туулган О.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын бириндеги мушташ өлүм менен коштолуп, кылмыш иш козголгону маалым болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×