Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 29.10.2018 08:22

Гүлмира Ташпулатова Бишкектеги үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз

Turmush -  Гүлмира Ташпулатова Бишкек шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу анын жолдошу «Репортерго» билдирди. Аны акыркы жолу 27-октябрда саат 15:00 -16:00 чамасында Баха жана Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн узатышкан.

Гүлмира күңүрт-жашыл түстөгү узун көйнөк кийип, башына сирен түстөгү гүлдүү жолук салынып жүргөн.

Гүлмира Ташпулатова тууралуу маалыматы бар жарандар 0505 522272, 0778 483852, 0550 425251, 0555 522272 телефон номурлары аркылуу жакындарына кабарласа болот. Анын жоголушу тууралуу укук коргоо органдарына да кабарланды.

Гүлмира Ташпулатова
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×