Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 27.10.2018 17:53 На русском

Бишкектеги 3 унаа катышкан жол кырсык: Айдоочулар жана жаш кыз ооруканага жаткырылды

Turmush -  Бүгүн, 27-октябрда саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, «Мерседес» унаасы «Митсубиси» менен кагышып, андан кийин токтоп турган башка «Митсубисини» сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 20-25 жаштагы жөө кыз да жабыркады. Үч айдоочу жана жаш кыз ооруканага жаткырылып, унаалар айып аянтчасына токтотулду.

Жол кырсык боюнча материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×