Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 27.10.2018 10:57

Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Turmush -  Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль утту. Турнир ушул тапта Будапешт (Венгрия) шаарында өтүп жатат.

19 жаштагы спортчу 25-октябрда 55 килограммга чейинки салмактагы балбандар менен күрөшкө чыкты. Алгач 1/8 финалда түштүк кореялык Хее Донг Сонду 9:0, чейрек финалда армениялык Норайр Хакхоянды 11:0, жарым финалда түркиялык Екрем Өзтүрктү 9:0 эсебинде утуп алган.

Финалдык беттеш 26-октябрда өтүп, анда Шаршенбеков Азербайжандын спортчусу Элданиз Азизли менен күрөшүп, ага 0:10. эсеби менен утулуп калды. Жыйынтыгында Ж.Шаршенбеков экинчи орунга ээ болуп, дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалын тыгынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×