Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 26.10.2018 13:42 Жаңыланды: 26.10.2018 13:58 На русском

Кикбоксчу Алина Камалова эң алгачкы беттешинде күмүш тагынып, Кыргызстан менен Азиянын чемпиону болууга жетишти (сүрөт)

Turmush -  18 жаштагы Алина Камалова спорттун кикбоксинг түрү менен 3 жылдан бери машыгат. Ал спорттун аталган түрү боюнча Кыргызстандын жана Азиянын чемпиону болууга жетишти.

Бир кезде Өзбекстандан көчүп келип, учурда Бишкекте жашап жаткан чемпион менен Turmush басылмасынын кабарчысы анын спорттогу ийгиликтери тууралуу баарлашты.

«Мен бир жашка толгондо ата-энем Ташкенттен Бишкекке көчүп келишкен. Ошондон бери борбордо жашайбыз. Үй-бүлөм көп улуттуу — атам татар, апам орус улутунан. Шаардагы №67 мектепти артыкчылык аттестат менен бүтүрүп, Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык журналистика жана пиар адистигинде 3-курста окуп жатам. Кафедрам да мени бардык жактан колдойт.

Спортко 15 жашымда келгем. Ал учурда мен жөн гана өзүмдүн денемди машыктырып, өзүмдүн үстүмдө иштейин деген ойдо болчумун. Ага чейин мен заманбап бий менен алектенип, Казакстанга да барып келдик. Бирок эмнегедир окшошкон жок. Андан кийин өзүмдү көпкө чейин издеп жүрдүм. Вокал менен бир жылдай алектендим, ошол эле учурда гитараны үйрөнүп жаттым. Бирок баары бир бул нерселер мен үчүн эместей сезилчү.

Кийин каратэ-кудо боюнча биринчи алтын медаль алганда жан дүйнөм спортко жакын экенин байкагам. Чоң атам дагы “биринчи бол” деп калчу. Мен өзүмдү чоң спорттон таптым десем болот.

Алгач бир жыл кикбоксинг менен машыгып жүрдүм. Кийин машыктыруучум мени каратэ-кудо боюнча мелдешке жиберип, мен алгачкы алтын медалымды алгам. Андан соң машыктыруучум Канат Садыкбеков менен дагы бир айдай машыктык. Адатта менин машыгуум бир күндө эки ирет болчу. Эсимде, 2017-жылы апрель айында биринчи жолу рингге чыгып, республикалык чемпионатта күмүш медаль алып, Кыргызстандын курама командасына кошулдум. Ошентип биз Ашхабадда (Түркмөнстан) өтүүчү Азия чемпионатына даярдана баштадык. Бул чемпионатта мен колого ээ болдум», - деди Алина Камалова.

Спортчуну ар тараптан жакындары жана чоң атасы колдоп, дем берип турат. Ал келечекте Кыргызстанды дүйнөгө тааныткысы келет.

«Мен Анапа шаарына (Россиянын түштүгүндөгү курорттук шаар) дүйнө кубогуна барып, ал жактан да коло алдым. Ошондо мен федерациянын президенти, машыктыруучубуз Александр Воинов менен жакындан тааныштым. Воинов да, бүткүл курама команда да мага ишеним көрсөтүп, дем беришкен.

Профессионалдык спорт жөн гана машыгуу эмес. Спорт — биринчиден сенин мамилең, андан соң сени курчап турган адамдар. Албетте, мага ишенгендердин арасында менин үй-бүлөм да бар. Көп учурда өз алдымча чечим кабыл алам. Бирок апам үчүн мен дале баладай сезилет экенмин. Ошондуктан апам мен жаракат алган кезде катуу кыжаалат болот. Бирок менин өз максаттарыма жеңилип бербешимди билип, мени эч качан “токтот” деп айткан эмес.

Быйылкы жыл мен үчүн көп ийгилик, бакыт алып келди. Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын жана Азиянын чемпиону болдум, Жакарта (Индонезия) шаарында өткөн Азия чемпионатына баруу бактысы буюрду. Тилекке каршы бул шаардан мен Кыргызстандын капчыгына медаль алып бере алган жокмун. Бирок келечекте сөзсүз алтын алып келем. Кикбоксинг Олимпиада оюндарынын катарына кошулат деп үмүт артып жүрөм.

Алдыда көп мелдештер тууралуу пландарым бар. Анын ичинен эң негизгиси — 2019-жылы Босния жана Герцеговина Республикасында өтө турган дүйнө чемпионаты. Бул мелдешке даярдык толук түрдө жүрүп жатат», - деди А.Камалова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×