Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Дүйнө 26.10.2018 11:41 На русском

Кытайдагы бала бакчада 14 баланы бычактаган аял кармалды

Turmush -  Кытайдын түштүк-батышындагы Чунцин шаарында өзгөчө оор кылмыш катталды. «РИА Новости» маалымдагандай, бала бакчадагы 14 тарбиялануучуну аял киши бычак менен жарадар кылган.

39 шаштагы шектүү аял балдарга бүгүн, 26-октябрда эртең менен алар таңкы көнүгүүдөн кайтканда кол салган. Бала бакчанын кызматкерлери менен кароолчулар аялды токтотуп калууга жетишип, полиция кызматкерлери кармап кетишти. Азырынча окуянын чоо-жайы, жабыркагандардын абалы тууралуу так маалымат жарыялана элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×